Венгрияга Кыргызстандын элчилиги ачылды (ФОТО)

Венгрияга Кыргызстандын элчилиги ачылды (ФОТО)

Аземге тышкы иштер министри  Руслан Казакбаев Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто катышкан. Аны менен катар дипломаттар, ал жакта окуган кыргызстандык студенттер келишкен. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

«Венгрияда КР элчилигинин ачылышы эки тараптын ийгиликтүү жана кылдат ишинин жыйынтыгы, ошондой эле мамилелерди өнүктүрүүдөгү тарыхый окуя болуп калды», — деди Казакбаев.

Муну менен катар министр Кыргызстанда өтө турган парламенттик шайлоого байланыштуу Венгриядагы элчиликте шайлоо тилкесин ачуу пландалганын маалымдаган.

Венгрияда Кыргызстандын элчилигин түзүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 8-сентябрда кол койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>