Вице-премьер-министр Бишкек ЖЭБинин жылытуу мезгилине даярдыгы менен таанышты

Вице-премьер-министр Бишкек ЖЭБинин жылытуу мезгилине даярдыгы менен таанышты

Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров Бишкек жылуулук электр борборунун 2020-2021-жылдарга карата күз-кыш мезгилине көмүр кампасындагы отундун запасы, диспетчердик пункт жана жүргүзүлүп жаткан пландуу оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Улуттук энергохолдинг компаниясынын» маалыматы боюнча, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине жалпысынан 1 млн 110 миң тонна көмүр керек. Учурда кампада 296 миң тонна отун бар. Анын 28 500 тоннасы импорт, 268 миң тонна ата мекендик көмүр. Бул 2 айга жетерлик көлөм.

Вице-премьер-министр калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуу – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

«Жылытуу мезгилине даярдык сапаттуу жана өз учурунда жүргүзүлүүгө тийиш. Коронавирус инфекциясына байланыштуу абалды эске алуу менен кышка даярдыкка өтө жооптуу мамиле кылынуусу шарт. Жылытуу мезгилинде калкты, анын ичинде социалдык жана башка объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылууга энергетика тармагындагы ар бир жетекчи персоналдуу түрдө жооп берет», — деди Равшанбек Сабиров.

Ошондой эле вице-премьер-министр энергетика тармагынын коррупцияланышына жол берилберин эскертти. 

Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык обьект.

Былтыр  борборго жылуулук берүү 4-ноябрдан баштап берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>