Видео: Бишкекте үйдөн 150 миң сом, зер буюмдарды уурдаган шектүү кармалды

Видео: Бишкекте үйдөн 150 миң сом, зер буюмдарды уурдаган шектүү кармалды

Бишкекте үйлөргө кирип, уурулук кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-августта милицияга шаар тургуну кайрылып, ошол күнү болжол менен саат 18:20да белгисиз адам «Жер Ынтымагы» конушундагы үйгө кирип, 150 миң сом жана алтын зер буюмдарды уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары мурда уурдоо боюнча бир нече жолу соттолгон 31 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалган.

Учурда шектүү соттун чечими менен №1 тергөө абагына 1 айга камакка алынган.

Маалыматка ылайык, кармалган адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасагандыгы аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар жана кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0(550) 102 360, 0(559) 808 580 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>