Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Президенттин иш башкармалыгынын чыгымдары 800 млн сомдон ашты
03.09.2023 | 16:22
Быйыл 7 айда президенттин иш башкармалыгынын чыгымдары 800 млн сомдон ашты. Бул тууралуу “Акчабар” каржы порталы Каржы министрлигинин маалыматтарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, 419 млн сом башкармалыктын кызматкерлерине маяна төлөөгө сарпталган, социалдык фондго чегерүүлөр 58 млн сомду түзгөн.
Андан кийин имараттарды карап-тейлегенге 83 млн сом, унаа жана жабдыктарга кеткен чыгымдар 53 млн сом болгон.
Ал эми коммуналдык кызматтарды төлөөгө 47,9 млн сом кеткен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом