Кыргызстанда дыйкандар үчүн резервде 4,3 млн литр дизелдик отун калды28-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +39°ка чейин жетет, айрым райондордо кыска мөөнөттүү жаан күтүлөтКамчыбек Ташиевдин бир тууганы келтирилген чыгымды төлөгөндөн кийин үй камагына чыгарылдыАскат Алагөзөв: 30-июлдан 1-августка чейин Тамчы — Чолпон-Ата жолу жабылып туратКыргызстанда тигүүчүлөр жана селлерлер үчүн салык нөлгө түшүрүлүшү мүмкүнАйыл чарба министрлиги менен Италиянын FederUnacoma федерациясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Волейбол: Кыргызстандын курама командасы Шри-Ланканы жеңип алды
22.12.2022 | 23:09
Кыргызстандын волейбол боюнча жаштар курама командасы Борбордук зонанын командалары арасындагы Азия чемпионатын жеңиш менен баштады.
23 жаштан ашпаган оюнчулардан түзүлгөн командалардын катышуусундагы турнир Дакка шаарында (Бангладеш) 22-декабрда төрт команданын катышуусунда старт алды.
Тайпалык баскычта командалар “ар бири менен” бирден ойношот. Андан соң жарым финалдык жуптар аныкталат.
Тайпалык баскычтын 1-турунун алкагындагы беттеште Кыргызстандын курама командасы Шри-Ланка менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңишке жетти.
23-декабрда 2-тур оюнунда кыргызстандыктар Бангладеш менен беттешет.
1-турдун жыйынтыгы, 22-декабрь
Бангладеш – Непал – 3:0 (26-24, 25-22, 25-21)
Кыргызстан – Шри-Ланка – 3:1 (25-21, 25-22, 22-25, 25-18)
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт