Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
29-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +39°ка чейин жетет, жаан-чачын күтүлбөйт
29.07.2026 | 09:00
Бүгүн, 29-июлда Кыргызстандын бардык аймагында ачык аба ырайы күтүлөт, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз айрым жерлерде 15–20 метрге чейин күчөйт.

Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20°, күндүз +31…+36°;
- Талас облусунда түнкүсүн +11…+16°, күндүз +30…+35°;
- Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25°, күндүз +34…+39°;
- Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +20…+25°, күндүз +34…+39°;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17°, күндүз +25…+30°;
- Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14°, күндүз +27…+32°.
Бишкек шаарында ачык аба ырайы күтүлөт, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзүп, күндүз 14 метрге чейин күчөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20°, күндүз +34…+36° болот.
Чолпон-Ата шаарында да ачык аба ырайы күтүлөт, жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17°, күндүз +25…+27° болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом