2026-жылкы ДКӨнүн ачылышы Бишкектин бардык райондорундагы фан-зоналарда көрсөтүлөт

15.08.2026 | 14:10
2026-жылкы ДКӨнүн ачылышы Бишкектин бардык райондорундагы фан-зоналарда көрсөтүлөт — Новости Кыргызстана

2026-жылы Бишкекте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКӨ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтүп жаткан учурда фан-зоналар иштейт. Борбор калаанын тургундары жана коноктору ДКӨнүн ачылыш аземин жана саммиттин негизги иш-чараларын түз алып берүү аркылуу көрө алышат, деп билдиришти мэриядан.

Негизги фан-зона Ала-Тоо аянтында жайгашат. Кошумча аянтчалар калаанын бардык төрт районунда уюштурулат.

Октябрь районунда:
— «Түңгуч» кичи районундагы «Түңгуч-1» сквери;
— «Ынтымак-2» сейил багынын амфитеатры;
— Д. Асанов атындагы сейил бак.

Ленин районунда:
— Фучик атындагы сейил бак;
— «Ак-Өргөө» конушундагы «Ашар» сейил багы;
— «Жал» кичи районундагы «Муун» сквери.

Биринчи Май районунда:
— Көкчө-Тоо жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Ч. Түлөбердиев атындагы сейил бак;
— Токтоналиев көчөсү, 62 дарегиндеги спорттук комплекс;
— Чүй проспектиси, 52 дареги боюнча «Ак-Босого» конушундагы сквер.

Свердлов районунда:
— Үсөнбаев көчөсү, 200/1 дарегиндеги «Алга» спорттук комплекси;
— «Чыгыш-5» кичи району, 1а дарегиндеги № 66 орто мектеп;
— 1-Энесай көчөсү, 1 дарегиндеги № 21 орто мектеп.

Ар бир аянтчада LED-экрандар орнотулуп, алар аркылуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана ШКУ саммитинин негизги иш-чаралары көрсөтүлөт.

Түз алып берүүлөр башталганга чейин көрүүчүлөр үчүн кыргызстандык артисттердин жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерттик программалар уюштурулат. Ошондой эле аянтчаларда фотозоналар, көргөзмө бурчтары, фуд-корттор жана эс алуу аймактары иштейт.

Мындан тышкары, коноктор үчүн тогуз коргоол, чүкө, беш таш жана башка улуттук оюндарды камтыган интерактивдүү программа даярдалат.

Фан-зоналардын иштей баштоо убактысы тууралуу мэрия Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ саммити өтө турган күнгө жакындаганда кошумча маалымдайт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары (ДКӨ) Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.

Reporter.kg — ДКӨнүн маалыматтык өнөктөшү.

Scroll to Top