Баткенде мурда соттолгон жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Баткенде мурда соттолгон жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды

Кызыл-Кыяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 5-июлда болжол менен саат 20:20да милицияга Кызыл-Кыя шаарындагы Таштемир-Ажы базарында белгисиз жарандын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жеринде кароо жүргүзүлгөн. Маркумдун өздүгү такталып, ал Ноокат районунун 42 жаштагы С.Р. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Анын сөөгү Таштемир-Ажы базарынын күн чыгыш тарабындагы Сухой-Сай тилкесиндеги кароосуз калган имараттын ичинен табылган.

Аталган факты боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Ошол эле күнү Кызыл-Кыя шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын 49 жаштагы Т.Т. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>