Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев маркум бала уулу экенин моюндаган жок

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев маркум бала уулу экенин моюндаган жок

Бүгүн, 16-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылып, айыпталуучу көрсөтмө берди.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Ашыралиев жактоочусунун суроолоруна жооп берип жатып, маркум бала анын уулу болгонун моюндаган жок жана ал кимдин баласы экенин билбей турганын айтты. А. Канзаманова тамашалап эркек бала кимдин уулу экенин айтканын, бирок ал кишинин атын атай албай турганын кошумчалады. Бала Ашыралиевди ата эмес, «байке» деп атачу.

Айыпталуучу билдиргендей, ал маркум аял менен интимдик байланышта болгон эмес. Алар эже-ини катары достук мамиледе болушкан.

Ашыралиевдин айтымында, каргашалуу окуя болгондон кийин тергөө учурунда ал маркум баланын атасы ким экенин аныктоо үчүн ДНК-тест тапшыруу боюнча тергөөчүлөргө кайрылышкан. Алар алгач өз алдынча тест өткөрсө болорун айтып, кийин баш тартып коюшкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>