Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев маркумдун туугандарынан кечирим сурады

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев маркумдун туугандарынан кечирим сурады

Бүгүн, 16-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылып, айыпталуучу көрсөтмө берди.

Ал көрсөтмө берип жатып маркум аялдын туугандарынан кечирим сурап, кайрат айтты.

«Туугандарынан кечирип сурап, терең кайгыруу менен көңүл айтам«, — деди ал.

Ашыралиевдин айтымында, маркум А. Канзаманова менен 2010-2011-жылы ал иштеген банктан насыя алып жатканда таанышкан. Алар жердеш болорун билишип, кыска баарлашуу болгон. Арадан 3-4 жыл өткөндөн кийин А. Канзаманова кесиптештери менен Ысык-Көлдө эс алып жүргөндө кокустан жолугуп калышкан. Алар Ысык-Көлдө жашап жатышкан үйүнө жеткирип коюну суранып, Ашыралиев аларды жеткирген. Андан кийин алар номерлери менен алмашкан.

Айыпталуучу билдиргендей, ал менен А. Канзаманованын ортосунда жакшы достук мамиле болгон. Маркум аял андан жардам сурап кайрылып турган. Ал А.Канзаманованын үй-бүлөсүнө экинчи үй-бүлөсү катары карап, аларга жардам берип турган. Өзү маркум аялдан акча алып жүргөнүн моюндаган жок. Бирок өзү карызга 12 миң доллар бергенин билдирди.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>