Садыр Жапаров: Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча тергөө жүрүүдө

Садыр Жапаров: Камчы Көлбаевдин өлүмү боюнча тергөө жүрүүдө

 Президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлеккеттик комитеттин уюшкан кылмыштуу топко каршы күрөшү боюнча комментарий берди.

Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы боюнча кабары жок болгонун айтат.

“Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: «Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи» деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. «Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен» деп”, — дейт президент.

4-октябрда Бишкектин Кулатов жана Ибраим көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Блондер Паб” кафесиндеги атайын операция боюнча Аскер прокуратурасы тергөө ишин жүргүзүүдө.

“Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн делип иш аскер прокуратурасына берилди. Жыйынтыгын күтөлү”, — дейт Садыр Жапаров.

Президент мыйзам өкүм сүргөн өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор болбостугун белгилейт.

«Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Кимдир бирөөнү бирөө каракчылык кылса сөзсүз түрдө күч органдарына кайрылыш керек. Биз тез убакытта өнүккөн мамлекетти курушубуз керек. Ансыз деле алыс барбай эле коелу, кошуна мамлекеттерден бир канча жылга артта калып кетиптирбиз», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>