Үч кыргызстандык Израилден чыгып кетүү ниетин билдирди, — ТИМ

Үч кыргызстандык Израилден чыгып кетүү ниетин билдирди, — ТИМ

Үч кыргызстандык Израилден чыгып кетүү ниетин билдиришти, учурда аларды өлкөдөн алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иликтенип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

10-октябрь кечинде алынган маалымат боюнча, Израилде кырдаалдын курчушунан жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Элчилик Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарынын тизмесин түзүүдө. Учурда тизмеде 65 адам бар. Израилди кошуп караган Түркиядагы элчилик жарандардын абалын сурап, чыгып кетүү ниети бар-жогун билүү үчүн баарына телефон чалуу жүргүзүлүүдө.

Элчилик Израилдин компетенттүү органдары, Израилдин Анкарадагы элчилиги, ошондой эле бир катар өлкөлөрдүн Тель-Авивдеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен байланыштарын улантууда.

Кыргызстандын Израилдеги элчилиги Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына коопсуз жайларда болууну жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону эскертет.

Зарыл болгон учурда +90 5456896800 (элчиликтин номери), +972 533214916 (Израилдеги Ардактуу консулдук) номерлерге кайрылуу сунушталат.

Мындан сырткары, ТИМ чет өлкөлөрдө жүргөн бардык жарандарды консулдук каттоого турууну эскертти. Аралыктан катталса да болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>