Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Үсөнбаева камкордукка алынды

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган Үсөнбаева камкордукка алынды

Каракол шаарынын тургуну Айзат Үсөнбаевага жана анын үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган майыптыгы бар уулуна юридикалык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу укук коргоочу Камиль Рузиев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын жазганына караганда,  Каракол шаардык соту  кыйноо боюнча кылмыш ишин козгоп, күйөөсүнөн  ажыратып,  балага алимент өндүрүү боюнча чечимин чыгарган. Үй-бүлө 1-сентябрга чейин кризистик борбордо кармалып, ДЦП менен жабыркаган эки бала мектепке даярдалууда. Облустук мамлекеттик администрация тарабынан 10 000 сом акчалай колдоо бөлүнүп, балдарга кийим-кечек алынып берилди.

9-август күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында шаардык сот  жабырлануучу Айзат Үсөнбаева менен майып уулуна зомбулук көрсөткөн күйөөсүн – Р.у.У.ну 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган.

14-майда күйөөсүнөн жабыркаган 38 жаштагы келин оор абалда ооруканага жаткырылган.

Териштирүү иштеринде аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Жабырлануучуга коргоо ордери берилип, күйөөсүнө карата 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш-иши козголгон. Ал Каракол шаарынын СИЗОсуна киргизилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Каракол: Аёосуз сабалган Айзат кайрадан прокуратурага даттанды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>