Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Ырчы Анжелика Казакстандагы кырдаал боюнча пикирин билдирди
05.01.2022 | 15:56
Биз казак элиндеги болуп жаткан абалды жакшы түшүнүп жатабыз. Инстаграмда атактуулар эки тарапка бөлүнүп, бири элди колдоп жатса, экинчи тарап өкмөттү колдоп жатат. Бул туурасында ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал, “элди интернет аркылуу тынчтандыруу мүмкүн болбой калды го. Чындыкты талап кылган эл катуу күүлөнүп жаткан мезгили . Кеп бир гана кымбатчылыкта эмес экенин окудум. Маалыматтар түрлүү . Чыдаган эл жарылды окшойт… Өнүгүү жолунда болгула, алданып калбагыла. Талабыңар аткарылып, батыраак тынчтык орносун” –деп сөзүн жыйынтыктаган.
Казакстанда нааразы тарап суютулган газдын кымбаттап кетишине нааразы болуп чыгышкан. Бийлик алардын талаптарын аткарганы менен тынчышпады. Алматы шаарынын акимчилигинин имаратын басып алганы айтылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар