Ырчы Каныкей жана кинорежиссер Максат Жумаев маданияттын мыкты кызматкерлери болду

Ырчы Каныкей жана кинорежиссер Максат Жумаев маданияттын мыкты кызматкерлери болду

Бүгүн, 15-февралда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ырчы жана обончу Каныкей Алымбековага жана сценарист, кино режиссер Максат Жумаевге “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка министр Алтынбек Максутов кол койгон.

Алымбекова Каныкей тууралуу:

Ал 1987-жылы 16-октябрда Токмок шаарында төрөлгөн. 2011-жылы М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын, 2018-жылы К.Молдобасанов атындыгы Кыргыз Улуттук консерваториясын, ал эми 2011- жылы Кыргызстан Эл аралык университетин ийгиликтүү аяктаган.

Каныкей учурда Бишкек шаарындагы №75 лицейде “Музыка” сабагы боюнча окутуучу, ал эми 2023-жылдан тарта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында солист болуп эмгектенип келет.

Чыгармачылык жолу 2008-жылы башталып, алгачкы концерти 2011-жылы коюлган. Репертуарында сөзү жана обону өзүнө таандык 50дөн ашык ыры бар. “Коё бергин мени кайгы”, “Садагам” жана “Куурчак” аттуу альбомдору бар. Каныкей эл аралык фестивалдарга жана мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларга катышып келет.

Жумаев Максат тууралуу:

Ал 1985-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. Нарын мамлекеттик университетинде инженер адистигине ээ болгон. Эмгек жолун 2003-жылы «Шанкай» телеберүүсүндө операторлуктан баштаган.

Ал «Ачык Азия» берүүсүн, Кыргызстандын «Азия Микс» КВН командасынын видероликтерин тарткан. Бир катар студияларда оператор, режиссер, монтажер катары иштеп, «Общяга» аттуу сериалды тартып чыгарган. 2016-жылы жеке «Asman Cinema» продюсердик компаниясын уюштуруп, бир топ долбоорлорду ишке ашырып келет.

Жаш режиссер катары «Эне жүрөгү», «Туман», «Бажарики», «Үзүлгөн үмүт» аттуу тасмаларды тартса, 2021-жылы «Баары бир тууган» аталышындагы 12 сериядан турган тарбиялык маанилүү сериалдын сценарийин жазып, өзү режиссерлук кылган.

2021-жылы Россиянын «За заслуги в культуре и искусстве» медалы, «Кыргызстан кинематографиясынын отличниги» наамына ээ болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>