Ырчы Нуркыз Кожонова уулдуу болду

Ырчы Нуркыз Кожонова уулдуу болду

Ырчы Нуркыз Кожонова уулдуу болду. Бул тууралуу ырчы айым жеке баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.

Ал азыр «балам балалуу болгондо билесиң» деген макалды эң сонун тушүнүп турганын жазган.

“Салам достор! Түз эфирге чыкпай сиздерди сагындым. Ананда “Эмнеге карантин учурда көрүнбөдүңүз?”,- деген куржун(личкама) катыма көп суроолор келди. Ошолорго жооп:
“Ар бир күнүбүз тарых эмеспи. Ошондуктан бул сүрөттөрүмдү катып жүргөм эстелик болсун деп. Бүгүн жүктөдүм анткени, быйыл кош бойлуу болуп сыртка дээрлик чыкпадым. Үйдө отурдум кадимки үй жумуштары менен.

Ай-күнүм келип көз жардым. Эне статусуна ээ болуп турган кезим. Балам балалуу болгондо билесиң деген сөз туура экен. Ата-энемдин кадырын билдим. Кантип жарык дүйнөгө келгенимди түшүндүм”, — деп жазган ырчы айым билдирүүсүндө.

https://www.instagram.com/p/CFhYtNKA38s/?utm_source=ig_web_copy_link

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>