Үрөй учурган жол кырсык. Эки адам унаа менен кошо күйүп кетти — видео

Үрөй учурган жол кырсык. Эки адам унаа менен кошо күйүп кетти — видео

Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылында жол кырсыктан эки адам каза болуп, дагы экөө жабыркады. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Баткен облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 2-апрелде болжол менен саат 15:30да Ош — Раззаков жолунун 149-чакырымында болгон. Toyota Fortuner унаасы батыштан чыгышты көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан Opel Vectra унаасы менен сүзүшкөн. Жол кырсыгы болгондон кийин эки унаа тең күйүп кеткен.

Натыйжада Opel Vectra унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болгон. Алар күйүп жаткан унаанын ичинде калып калган. Унаа күйүп жатканда алар тирүү болгону же эки унаа кагылышкандан кийин каза болгону азырынча белгисиз.

Ошондой эле, Toyota Fortuner унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген.

Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>