Ырысбек Мааткабылов: Биздин милдет — ата-бабаларыбыздан калган бардык мурасты көздүн карегиндей сактап жана урпактарга тапшыруу

Ырысбек Мааткабылов: Биздин милдет — ата-бабаларыбыздан калган бардык мурасты көздүн карегиндей сактап жана урпактарга тапшыруу

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер Ырысбек Мааткабылов кыргызстандыктарды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктады.

«Урматтуу кыргызстандыктар жана мекендештер! Сиздерди бүгүн, 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайм! Элибиздин кылым карыткан тарыхы, ыйык туткан салт-санаасы жана улуттук идеасы бар. Анын барын ата-бабаларыбыз негиздеп, кылымдар бою сактап келип, мурас катары бизге тапшырышты. Бизге калган бардык мурасты көздүн карегиндей сактоого жана келечек муунга тапшырууга милдеттүүбүз. Биз тарыхты терең түшүнүү жана анын сабактарын эске алуу менен гана Кыргызстаныбызды гүлдөтө алабыз.

Урматтуу мекендештер жана шайлоочулар!

Кудайда бизге биримдиктүү, өнүккөн кыргыз мамлекетин курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берип жатат. Мына ошол мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо үчүн мен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатам. Кудай буюруп сиздердин колдооңуздар менен ниетим ишке ашса, бар күчүмдү өлкөмдүн өнүгүшүнө жана элимдин жашоо-турмушун жакшыртууга арнайм. Ар бирибиздей эле менде дагы ата-бабаларыбыздын элесинин алдында мамлекетибиздин келечеги үчүн ыйык жоопкерчилик бар.

Ошондуктан өлкөдөгү экономикалык жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү – биздин бүгүнкү милдетибиз деп эсептейм. Ал үчүн биринчи кезекте өлкө экономикасын өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан көрүнүштөрдөн арылуубуз зарыл. Элибиздин тагдырын баарынан жогору коюп, өлкөбүзгө ак ниет менен кызмат өтөп, өнүккөн мамлекетти урпактарга калтырсак өткөн муундарга болгон урмат-сыйыбызды так аткарган болобуз. Мына ошондуктан өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн, келечек муундун жаркын жашоосу үчүн жан үрөп иштейли. Анткени биздин бир эле Мекенибиз бар. Ал — Кыргызстан!

Урматым менен, Ырысбек Мааткабылов».

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж.7-ноябрь.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүралиева Мээрим Замирбековна тарабынан төлөндү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>