Салт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылуудаБишкекте Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылдыМинкаб эмгек мигранттарына бериле турган квотаны 100 миңге көбөйттүБишкекте орусиялык өндүрүүчүлөрдүн «Орусияда жасалган» масштабдуу бизнес-миссиясы өтөтБишкекте органдарды трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиум өттүШвейцариянын Улуттук банкынын башчысы Бишкекке келди
Ысык-Атада 13 жашар кызды поезд сүзүп кетти
29.06.2022 | 22:48
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 13 жашар кызды поезд сүзүп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашат.
Маалыматка караганда, 27-июнда райондук милицияга Ысык-Ата районунда жайгашкан темир жол тилкесинде жөө жүргүнчүнү поезд сүзүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Айтылган дарекке дароо ыкчам кызматкерлер барып, 2009-жылы туулган Ж.Т. аттуу кыздын сөөгү аныкташкан. Бул факты каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Тергөө ишинин алкагында, каза болгон кыз чоң энеси менен жашап келгени белгилүү болду. Ошондой эле кырсык болгон жерден кызга тиешелүү күндөлүк табылган, анда кыз жашоого болгон өзүнүн көз караштарын жазып келген.
Учурда бул окуяны териштирүү максатында тиешелүү болгон бардык экспертизалар дайындалды дешет милициядан.