Ысык-Көл: 30 жаштагы жээни, 61 жаштагы таякесин өлтүрдү

Ысык-Көл: 30 жаштагы жээни, 61 жаштагы таякесин өлтүрдү

Ысык-Көлдүн Темир айылынан карыя ур-токмоктон каза тапты. Анын эжеси зордук-зомбулуктан каза болгондугун жашырып, аны коронавирустан каза болгон деп көмүп коюшкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, райондук прокуратура текшерүү  учурунда Темир айылынын 61 жаштагы тургуну зордук менен каза болгондугу тууралуу укук коргоо органдарына билдирбей көмүлгөнүн аныктаган. Маркумдун эжеси, 51 жаштагы жергиликтүү тургун күч органдарына “2021-жылдын 21-январына караган түнү анын уулу 30 жаштагы Д.М. менен  61 жаштагы Ж.А.  аттуу агасы ортосунда уруш чыккан”- деп айтып берген.

«Эртең менен ал үйүнөн агасынан сөөгүн тапкан. Райондун укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарына билдирбестен үй-бүлөсү маркумду жерге беришкен. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында анын коронавирустан каза болгондугу айтылган», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келүү» боюнча кылмыш иши козголгон.

2-февралда сөөк эксгумацияланып, комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ошол эле күнү учурда Бишкек шаарында жүргөн 30 жаштагы Д.М. кылмышка шектүү катары кармалган.

Кылмыш ишин Ысык-Көл облустук прокуратурасы тергеп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>