Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайы
Ысык-Көл: Ак-Сууда бирөөнүн 900 түк чөбү өрттөндү
06.12.2022 | 19:08
5-декабрь күнү Ак-Суу районуна караштуу Кереге-Таш айлынын Жаздыбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, жерине Ак-Суу районунун №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылган. Өрт саат 16:55де чектөөгө алып, 19:41де толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы 900 түк чөп, 120 түк саман күйгөн.
Такталган маалыматка ылайык, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар