Ысык-Көл: Барскоондо 3400 Тянь-Шань карагайы отургузулду

Ысык-Көл: Барскоондо 3400 Тянь-Шань карагайы отургузулду

Бүгүн, 30-апрелде Барскоон токойчулугунун Тарылга участкасындагы 4 гектар жерге Тянь-Шань карагайынын 3400 даана көчөттөрү отургузулду.

Жети-Өгүз районунун акими Мураталы Тагаев бул иш-чарага райондогу бардык мекемелердин, ишканалардын кызматкерлери катышып жатканын билдирди.

Президентибиз Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн жарыялаган болчу. Тянь-Шань карагайларынын көчөттөрүн отургузуу ошол өнөктүктүн алкагында жүрүүдө. Быйыл план боюнча Токой чарбасы 25 гектар жерге көчөт отургузушу керек болчу. Ал эми жалпы район боюнча быйыл 16 миң көчөт отургузуу пландалган жана иш жүзүнө ашууда.  Бул көчөттөр болсо Токой чарбасынын планынан сырткары жерге отургузулууда”,-деди М.Тагаев.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз. Кыска жаңылыктын баар ошол жакта…

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>