Нарында күнүнө 300-400 нан чыгарган наабайкана иштей баштады

Нарында күнүнө 300-400 нан чыгарган наабайкана иштей баштады

Нарын шаарында муниципалдык наабайкана ишке кирди. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.

Белгилүү болгондой, наабайкана «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тарабынан салынып, жабдуулар алынып, кийин Нарын шаардык мэриясынын менчигине өткөн. Анын иштеп баштаганына бир жума болуп, анда күнүнө ачыткысыз даярдалган камырдан 300-400 бөлкө нан бышырылууда.

Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын жетекчиси Эрлан Жаанбаев билдиргендей, бул жерде азырынча 4 адам жумуш орду менен камсыз болуп, күнүнө 300-400 нан чыгарылууда.

«Наабайканада суроо-талапка жараша күнүнө 2 миң нан чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Буюрса жумуш орундары дагы көбөйөт. Чыгарылган бөлкө нандар ачыткысыз табигый жол менен ачытылып бышырылат. Нандар дүкөндөргө 23 сомдон жеткирилип, 25 сомдон сатыкка коюлууда. Мындан сырткары бала бакчаларды, мектептерди, мекемелерди камсыздоо келишимдери түзүлүп жатат. Киреше жергиликтүү бюджетке түшөт», — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>