Ысык-Көл эл аралык марафонунун жыйынтыгы (тизме)

Ысык-Көл эл аралык марафонунун жыйынтыгы (тизме)

Бүгүн, 13-май күнү Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл эл аралык марафону өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жарышка жыйырмадан ашык өлкөдөн 3000 адам катышты. Алардын арасында Казахстан, Беларус, Кытай, Өзбекстан, Монголия, Иран жана Кыргызстандын алдыңкы спортчулары бар.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Абсолюттук категория, эркектер арасында, 42 км:

1-орун – Шохрух Давлатов, Өзбекстан (02:17:39);

2-орун – Мунгбаяр Нарандулам Монголия (02:21:57);

3-орун – Юндженг Хуан, Кытай, (02:23:17).

Абсолюттук категория, кыз-келиндер арасында, 42 км:

1-орун – Евгения Прокофьева, Украина (02:39:32);

2-орун – Кишисахан Галбадрах, Монголия (02:42:24);

3-орун – Гулшаной Сатарова, Кыргызстан (02:43:33).

Абсолюттук категория, аялдар арасында, 21 км:

1-орун – Мария Коробицкая, Кыргызстан (01.18.04);

2-орун – Айнуска Калил кызы, Кыргызстан (01.19.0);

3-орун – Екатерина Тунгускова, Өзбекстан (01.1917).

Абсолюттук категория, эркектер арасында, 21 км:

1-орун – Нурсултан Кеңешбеков, Кыргызстан, (01:9:37);

2-орун – Петер Маллой, Улуу Британия, (01:9:54);

3-орун – Сергей Платонов, Беларус, (01: 9: 58).

Абсолюттук категория, аялдар арасында, 10 км:

1-орун – Екатерина Алексеева (44:14);

2-орун – Жанат Нурбекова (45:22);

3-орун – Рамина Абдыходжаева (46:15).

Абсолюттук категория, эркектер арасында, 10 км:

1-орун – Сергей Краучения, Беларус (32:03)

2-орун – Мусулман Жоломанов, Кыргызстан (32:29)

3-орун – Самат Казакбаев, Кыргызстан (32:47)

Мындан тышкары, марафондун алкагында 42 км, 21 км, 10 км аралыктарда эркектер жана аялдардын арасында жаш курак категориялар боюнча (35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогору) жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын арасында жеңүүчүлөр белгилүү болуп, баалуу белектер менен сыйланышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>