Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Ысык-Көл менен Нарында кийикке аңчылык кылууга тыюу салынды
26.01.2023 | 23:42
Үч жылга Нарын менен Ысык-Көл облустарынадагы жапайы жаныбарлардын айрымдарын атууга тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, 2023-2026-жылдары Ысык-Көл жана Нарын облустарында Марко Поло, тоо аркары, тоо эчкиси, элик, каман жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды.
Буга чейин Кыргызстан боюнча Марко Поло, тоо аркары, тоо эчкиси, элик, каман жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынаары кабарланган болчу.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом