Кумтөрдүн алтыны: Депутаттар комиссия түзүштү (курамы)

Кумтөрдүн алтыны: Депутаттар комиссия түзүштү (курамы)

Бүгүн, 28-сентябрда парламенттин жыйынында депутаттар Кыргызстандан алтындын чет өлкөгө чыгарылышынын мыйзамдуулугун текшере турган комиссия түзүштү. Жыйында «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Нурлан Шакиев “Кумтөр” компаниясынын иши боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган болчу. 

Комиссиянын курамына:

  • Жанар Акаев;
  • Нилуфар Алимжанова;
  • Марлен Маматалиев;
  • Балбак Тулобаев;
  • Адахан Мадумаров;
  • Исхак Масалиев;
  • Нурлан Шакиев;
  • Надира Нарматова;
  • Марат Мураталиев;
  • Улугбек Ормонов;
  • Максат Сарыбагышев;
  • Арсланбек Малиев;
  • Шайлообек Атазов.

Буга чейин Башкы прокуратура  «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен ишкананын башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш ишин козгогон.

Маалым болгондой, «Кумтөр» ишканасынын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында, алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

Бул боюнча компаниянын тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк кармалып, ал 10-ноябрга чейин камакта калтырылган.

Мындан тышкары буга чейин социалдык тармактарда президенттин бир тууганы Сабыр Жапаровдун сүрөтү кызуу талкууга алынган. Сүрөттө Сабыр Жапаров колунда алтын куймалар менен сүрөткө түшкөн. Жанында медициналык беткап кийген адам болгон. Социалдык тармакта ​​бул сүрөт качан тартылганын аныктоого аракет кылышкан.

Кийинчерээк президент социалдык тармактарга тараган агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча түшүндүрмө берген. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>