КРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды1-октябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу жерлерде карга айланатКыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталууда
Ысык-Көл: Тургундун үйүнөн жоголуп бара жаткан күрөң аюунун терилери табылды
14.05.2022 | 16:19
Ак-Суу районунда жергиликтүү тургундан жоголуп бара жаткан күрөң аюунун эки териси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Сары-Жаз өрөөнүнүн жашоочусунун үйүн тинтүү учурунда тиешелүү уруксат кагаздары жана ок-дарылары жок курал табылып, алынган.
«Кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалды. Күрөң аюунун табылган терилеринин кайдан келгени такталууда», – деп билдиришти башкармалыктан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар