Германиядан келген Акылбек Жапаров аппараттык жыйын өткөрдү

Германиядан келген Акылбек Жапаров аппараттык жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда ыкчам кеңешме өткөрдү, деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери талкууланып, Аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчыларына бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, социалдык жөлөкпулдарды жогорулатуу жана жеке жер тилкелерин трансформациялоо маселелерин иликтөө табышталды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, министрлер кабинети адамдын өнүгүүсүнө жана жашыл экономикага өзгөчө көңүл бурушу керек.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин башчысы электрондук документ жүгүртүүгө өтүү боюнча тапшырманын аткарылышынын жүрүшү менен таанышты.

Үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тартып Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы боюнча ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышуулар электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүлүшү керек.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Жапаров ден соолугуна байланыштуу  Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.

Ал эми 3-майда Германияга дарылануу үчүн учуп кеткен Жапаров кайрадан кайтып келип, кызматын улантууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>