Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 3 бала табылды
27.08.2022 | 14:51
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 3 кичинекей бала табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 26-агустта Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын кичинекей тургундары үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.
Алар – 4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу жаш балдарды издөө издөө иштерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.
Бүгүн кайрадан издөө иштерин улантуу максатында Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган айылдын Ишеналы көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан балдар аман-эсен табылган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом