Ысык-Көлдө досун өлтүрө сабаган кишинин ишине сот чекит койду 

Ысык-Көлдө досун өлтүрө сабаган кишинин ишине сот чекит койду 

Ысык-Көл облусунун тургунун сабап өлтүрүүгө айыпталып жаткан жарандын ишине Жогорку сот чекит койду. Өкүм 21-ноябрда чыкканын жогорку инстанциядагы соттун сайтында маалымдалды.

Буга чейин райондук сот М.Т. аттуу жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыраткан. Облустук сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Соттолуучу ага карата козголгон кылмыш иши жасалма деп эсептегендиктен, өкүмдөрдү жокко чыгаруу өтүнүчү менен кассациялык даттануу менен кайрылган. М.Т. Ысык-Көл районундагы айылдардын биринде 2021-жылы күзүндө болгон кылмыш боюнча соттолгон.

6-8-сентябрь күндөрү айыпталуучу досунун үйүндө  убактылуу жашап жүргөн. Ал дайыма мас абалында жүрчү. 8-сентябрда соттолуучу уюлдук телефонун таппай, досун уурдап алган деп шек санаган. М.Т. мас абалда телефонду кайтарып берүүнү талап кылып, жаңжал чыгарган. Досу күнөөнү мойнуна албай, айыпталуучу менен уруша кеткен.

Мындан улам М.Т. аны сабап баштаган — ал аны жарым саат бою, досу эсин жоготконго чейин  сабаган. Айыпталуучу досунун үн чыгарбай калганын түшүнүп, сыртка чыгып, окуяны  маркумдун кошунасына айткан. Ал келип баарын көргөн. Андан соң М.Т. кетип калган. Аны милиция кызматкерлери издеп табышкан. Жогорку сот эки соттун чечимин күчүндө калтырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>