Жаңы жылдык челлендж: Депутат 10 жаштагы Салмандын кыялын орундатты

Жаңы жылдык челлендж: Депутат 10 жаштагы Салмандын кыялын орундатты

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев  Жаңы жыл майрамын утурлай кат менен кайрылган 10 жаштагы Салмандын кыялын орундатты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы мектептердин биринде билим алган Салман жазган катында кагаздардан ар кандай нерселерди жасоого кызыгарын жана ноутбук алууну кыялданып, акча чогултуп жүргөнүн белгилеген. Муну менен катар ата-энеси жана ини-карындашы тууралуу айтып берген.

Ага ылайык депутат Шаирбек Ташиев Салман менен жолугушуп, заманбап ноутбук белекке берди. Окуучуга жакшы тилектерин арнап, келечек ээсин жакшы окууга үндөдү.

«Кыргызстан билим-илимдүү жаштарга ар дайым муктаж. Анткени өлкөбүздүн келечеги силерсиңер», — деди эл өкүлү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>