Ысык-Көлдө эки күн унаа жолдорго чектөө кирет

Ысык-Көлдө эки күн унаа жолдорго чектөө кирет

Ысык-Көл облусунун аймагындагы унаа жолунда кыймылга убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-26-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форумунун жыйыны өтөт.

Бул иш-чараларды өткөрүү мезгилинде жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын жеке курамы толугу менен тартылып, күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү келишет.

Буга байланыштуу Тамчы айылындагы Ысык-Көл аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки каттамда жана Чолпон-Ата-Кырчын багытында делегациялар өтүүчү маалда унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Жол боюнда кароосуз калган машиналар эвакуацияланат.

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын мамлекеттик маанилүүлүгүн эске алуу менен, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы инспекциясы Ысык-Көл облусунун тургундарын жана конокторун чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, эрежелерди жана айдоо маданиятын сактоону суранат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: чектөө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>