Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди

Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында каза болгон Ош облусунун тургундарынын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Эрмек Муратбек уулу «Азаттыкка» билдирди.

Маркумдардын сөөктөрү өздөрү туулуп-өскөн айылдарына коюлуп, ага өкмөт өкүлдөрү катышты.
Ош облусу:
1. Абдулхамид уулу Жакыпбек – 20.08.1990, Араван району, Гүлбаар айылы.
2. Бекмурзаева Диана Акылбековна — 04.09.1998, Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Муркут айылы.
3. Кутманали уулу Сыймыкбек — 22.07.1999, Араван району, Гүлбаар айылы.
4. Сулайманова Уулкан Хакимовна — 15.10.1976, Кара-Суу району, Кенжекул айылы.
Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган. Каза болгондордун бешөө Баткен, бешөө Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары. Калган эки облуста маркумдардын сөөгү жакындарына өткөрүлүп берилди.

Эскерте кетсек, 21-августта Ульяновск облусундагы жол кырсыктан 14 кыргыз жараны каза таап, үчөө ооруканага түшкөн. Буга байланыштуу Кыргызстанда 23-август Аза күтүү күнү деп жарыяланган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>