Ысык-Көлдө эл аралык “Наристе” фестивалы кандай өтүп жатат?

Ысык-Көлдө эл аралык “Наристе” фестивалы кандай өтүп жатат?

Ысык-Көл облусунда экинчи эл аралык “Наристе” балдар фольклор фестивалы уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, фестивалдын катышуучулары тоолорго жөө экскурсия жасашты. «Көчмөн Ордо» этно-комплексинде коноктор ат минип, селкинчек тээп, тоого чыгып, ойноп, репетиция жасашты. Кыргыз элинин улуттук оюндары менен да таанышты.

Фестивалдын катышуучуларына улуттук оюндар федерациясынын өкүлдөрү Салбуурун мергенчилик оюндарын тартуулашты. Оюндарда мүнүшкөрлүк, түрдүү ыкмалар менен жаа атуу жана тайган менен аңчылык болгон. Эң укмуштуудай учур – бүркүттөр менен түлкүгө аңчылык кылуу болду.

Оюндан кийин коноктор улуттук аспап чертүүгө, жаа атуу, бүркүт, тайгандар менен сүрөткө түшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Андан соң амфитеатрда фестивалдын катышуучуларынын репертуарынан чакан концерттик программа көрсөтүлдү. Экскурсия табиятта түшкү тамактануу жана чогуу сүрөткө түшүү менен аяктады.

Кечинде программа боюнча кыргыз элинин табияты, каада-салты тууралуу видеороликтерди көрүү, санаторийдин короосунда дискотека өткөрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Фестиваль

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>