Ысык-Көлдө эл аралык саммит өтөт

Ысык-Көлдө эл аралык саммит өтөт

Ысык-Көлдө «Борбор Азиядагы Агробизнес: Интеграция. Модернизация. Ийгилик» аттуу эл аралык саммит өтөт. Иш-чара үстүбүздөгү жылдын 27-29-август күндөрү Бостери айылындагы «Байтур» комплекси өткөрүлөт.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн 300гө жакын катышуучулардын келиши мерчемделүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексиндеги вертикалдык жана горизонталдык интеграциянын натыйжалуу моделдери каралат. Пленардык сессия, тематикалык бөлүмдөр жана мастер-класстарда каржылоо моделдери, дан, картошка, сүт жана эт бизнесин өнүктүрүү стратегиялары, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү технологиялары сыяктуу темалар камтылат. Көргөзмөнүн алкагында агробизнес адистерине модернизациялоо чечимдери сунушталат.

Саммит фермерлерге, айыл чарба ишканаларынын жетекчилерине жана адистерине, айыл чарбасы үчүн жабдууларды жана өндүрүш каражаттарын берүүчүлөргө, бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын, финансы секторунун, кайра иштетүүчү ишканалардын жана соода-сатыктын өкүлдөрүнө багытталган.

Саммиттин катышуучулары:

  • саясий, коомдук жана эл аралык уюмдардын жогорку даражалуу өкүлдөрү катышкан панелдик сессияда агрардык тармакты өнүктүрүү, экспорттук рынокторго чыгуу стратегиялары, интеграциянын ийгиликтүү моделдери талкууланат;
  • техникалык өнүктүрүү боюнча тематикалык бөлүмдөрдө; эт, картошка, сүт жана эт бизнесин өнүктүрүү; органикалык продукцияны өндүрүү, сертификаттоо жана сатуу; айыл чарбасындагы долбоорлорду каржылоо;
  • мал багуу технологиялары, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, сугаруу системалары, агрардык өндүрүштү санариптештирүү ж. б. боюнча мастер-класстарга катыша алат.

Ошондой эле Австриядан, Англиядан, Германиядан, Казакстандан, Кыргызстандан, Кытайдан, Кореядан, АКШдан жана башка өлкөлөрдөн келген 20га жакын компаниялардын агрардык өндүрүш үчүн жабдуулары жана чечимдери менен таанышууга болот.

Саммит дүйнөдөгү эң ири айыл чарба техникасынын көргөзмөсүн утурлай дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өткөрүлүп жаткан «AGRITECHNICA on Tour» эл аралык иш-чаралар сериясынын алкагында өтөт.

Бул иш-чаралардын максаты агрардык өндүрүштүн өзгөчөлүктөрү менен тереңирээк тааныштыруу жана тандалган аймактарда инновацияларды жана модернизацияны киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болуп саналат.

Эл аралык саммит КР Айыл чарба министрлигинин жана Соода-өнөр жай палатасынын расмий колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: саммит

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>