Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чөгүп жаткан аялды куткарып калды

Ысык-Көлдө милиционерлер сууга чөгүп жаткан аялды куткарып калды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери пансионаттын кызматкерин көлгө чөгүп жаткан жеринен куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Телтору» пансионатынын директору түнкү саат 01:00 чамасында Атайын полктун кызматкерлерине кайрылып, пансионатта иштеген кыз жок болуп жатканын айткан.

«Ошол замат полктун кызматкерлери, милициянын старшиналары Нурсултан Таласбек уулу жана Мирлан Юсуп уулу эс алуучулардан сураштырып, кыз көл жээкти көздөй кетип бара жатканын такташкан. Кызматкерлер ыкчам көл жээгине барган учурда кыз көлгө чөгүп жатканын көрүшүп, кызды суудан алып чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткиришкен», — деп айтылат маалыматта.

Куткарылган жаран Нарын облусунун 1986-жылы туулган тургуну болгон.

«Дагы бир адам өмүрүн сактап калган милиция кызматкерлерине пансионаттын директору ыраазычылык билдирген», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>