Жарандарга маңзат салып, акча опузалап жүргөн дагы үч милиционер кармалды

Жарандарга маңзат салып, акча опузалап жүргөн дагы үч милиционер кармалды

Жарандарга баңгизат салып, акча опузалоо менен алектенген дагы үч милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караган, быйыл 20-апрелде Бишкектеги кафелердин биринде милиция кызматкерлери Россиянын жаранына баңгизат салып, кылмыш жообуна тартпоо үчүн 315 миң сом опузалаган. Бул боюнча Россиянын жараны ИИМдин Ички иликтөө кызматына кайрылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

21-августта ИИМдин Ички иликтөө кызматы Чүй облусунун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын үч кызматкери — М.Ч., С.А. жана А.А. кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин 19-июлда ИИМ жарандарга баңгизат салып, акча опузалоо менен алектенген 3 милиция кызматкери жана 4 жаран кармалганы тууралуу кабарлаган.

«Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, Т.Д., М.А. аттуу кыздар, мурда соттолгон У.А., Т.Н. аттуу жарандар жана милиция кызматкерлери алдын ала сүйлөшүп алып, жарандарга баңгизат салып, андан кийин опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушкан. Алар аткара турган ролдорун да бөлүштүрүп алышкан», — деп билдирген ИИМ.

Ошондой эле аталган кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Жарандарга маңзат салып, акча опузалап жүргөн милиционерлер кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>