Ысык-Көлдө унаа тетиктерин уурдоого шектүүлөр кармалды

Ысык-Көлдө унаа тетиктерин уурдоого шектүүлөр кармалды

Ысык-Көлдө жүк ташуучу унаалардын тетиктерин уурдоо менен алектенген топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, июль айынын ортосунда Каракол шаарында жүк ташуучу унаалардын тетиктерин уурдоо учурлары көбөйгөн. 17-20-июль күндөрү Каракол шаардык милициясына 4 тургун кайрылып, жүк ташуучу унааларынан тетиктери уурдалганын билдиришкен. Анын айынан жабырлануучуларга 47 миң сом зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Жазык кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иштери козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган кылмыштарга тиешеси бар жарандардын аты-жөнү аныкталып, колго түшүрүлгөн. Алар Ак-Суу районунун 34 жаштагы А.С., М.М. жана Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы У.Н. аттуу тургуну болуп чыгышкан.

«Алгачкы сурак учурунда кылмышка шектүүлөр күнөөлөрүн моюнуна алды жана алардан далил заттар алынды», — деп билдирет облустук милиция.

Шаардык соттун чечими менен М.М. аттуу шектүү эки айга камакка алынса, калгандары үй камагына чыгарылган.

Учурда шектүүлөрдүн башка ушундай кылмыштарга тиешеси бар же жогу текшерилүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: уурдоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>