COVID-19дан улам кирүүгө дагы деле кыйын болгон өлкөлөр аталды

COVID-19дан улам кирүүгө дагы деле кыйын болгон өлкөлөр аталды

COVID-19 дүйнөгө тараган мезгилде бардык мамлекеттер чек араларын жапкан. Чет өлкөгө эмес, эшикке чыгууга да мүмкүн болбой калган. Айрым мамлекеттерде коронавируска карата чектөөлөр азыркыга чейин толук алына элек. Reporter.kg азыркыга чейин барууга түйшүктүү болгон өлкөлөрдү тизмектейт.

Кытай

Пандемия башталганга чейин Кытайга миллиондогон турист каттап турган. Бирок коронавирустун келиши менен Кытай көп чектөөлөрдү киргизген. Азыр өлкө бийлиги коронавирустун жайылышын жокко чыгарыш үчүн чектөө чараларын көрүп келет.

Ошентсе да азыркы тапта Кытай четинен башка өлкөлөр менен аба каттамын жандандырып жатат. Бирок катуу чектөөлөр бар: ал жакка баргандан кийин 7 күн карантинде болуп, андан кийин 3 күн обочолонуп жашаш керек, ошондой эле ПЦР-тест талап кылынат.

Тайвань

Тайвандын чек аралары ишкер саякатчылар жана чет элдик студенттер үчүн ачылган. Бирок туристтер үчүн алигиче жабык бойдон турат.

Гонконг (Кытайдын атайын администравтивдик району)

Гонконгго келиш үчүн туристтерден 28 саат ичинде жасалган ПЦР-тест талап кылынат. Ошондой эле четтен келгендер үчүн 7 күндүк карантин каралган. Кала турган мейманканаңызда орун алып койгондугуңузду да аэропорттон көрсөтүшүңүз керек.

Өлкөгө учур келгенден кийин ПЦР жана RAT-тестин тапшыруу зарыл. Карантинде жүргөн мейманканада да тест тапшырып турууга туура келет. Ал эле эмес 9 жана 12-күнү да тест тапшыруу керек болот. Коронавирус аныкталган туристтер мамлекеттик ооруканага же изоляторго жаткырылат.

Япония

Япония дүйнөдөгү коронавирус азайган өлкөлөрдүн жарандарына эшигин ачты. Бирок өлкөнү өкмөт тарабынан бекитилген экскурсиянын алкагында гана кыдырууга болот. Андай тур менен баргандар виза алып, акыркы 72 саат ичинде жасалган ПЦР-тестин көрсөтүүсү кажет.

Түштүк Корея

Түштүк Корея бардык туристтер үчүн ачык. Бирок саякатчылар өлкөсүнөн чыгар алдында тест тапшырып, Кореяга учуп келгенден кийин ПЦР-тест тапшыруу үчүн аэропортко же жашаган жерине жакын турган медициналык мекемеге жазылып коюшу шарт. Эгер коронавирус табыла турган болсо, ал 7 күн карантинде болот.

Канада

Канада чет жерден келгендерден ПЦР-тест сурабайт. Бирок аэропортто тандалма түрүндө тест алып, текшерүү жүргүзүп турат. Коронавирус аныкталган адамдар 10 күн обочолонууда болот.

Аталган мамлекеттерден тышкары Самоа, Тонга, Соломон аралдары, Вануату, Ниуэ жана Фиджи аралында да ПЦР жана RAT-тесттери талап кылынат. Оору табылып калса, бейтап карантинге алынат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: COVID-19

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>