Ысык-Көлдө уурулукка шектелип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө уурулукка шектелип кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кабель уурдаган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, январь айынын башында Ысык-Көл РИИБине «Кыргызтелекомдун» Чолпон-Атадагы бөлүмүнөн эл аралык магистралдык була-оптикалык кабель уурдалгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын баасы 21 миң сомду түзөт.

«Бүгүнкү күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бостери айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү адам кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Бостери айылынын 27 жаштагы тургуну Ж.Р., болуп чыкты. Ал мурда бир нече жолу соттолгон», — деп жазат басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, алдын ала сурак учурунда кармалган жаран уурулук кылганын мойнуна алган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>