Ысык-Көлдө үч чакан ГЭС курулат

Ысык-Көлдө үч чакан ГЭС курулат

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак дарыясында үч кичи ГЭСтин курулушу башталат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин алдындагы жашыл энергетика фонду билдирди.

Кубаттуулугу 6 мегаватты түзгөн “Чоң Жаргылчак”, “Кичи Жаргылчак” жана 4 мегаваттык “Ак Терек” ГЭСтери курулат.

Долбоордун онөктөштөрү жана инвесторлору «40 капитал Траст» ЖЧК, «ДАТТ Энерджи» ЖЧК жана «ИНТЕК» ЖЧК болду.

Курулуш иштерин быйыл баштоо пландалууда. Чакан ГЭСтердин 2025-жылы ишке кириши күтүлүүдө. Курулуш иштерине жергиликтүү тургундар тартылат.

Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү министрлер кабинетинин ишинин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Процесс тезирээк жүрүшү үчүн, фонддун иш-аракеттеринин алкагында «бирдиктүү терезе» иштей баштайт. Ал жерлерде уруксат документтерин, энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу үчүн жер участокторун алууга көмөк көрсөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>