Ысык-Көлдө ырчы Анжелика кыйдырган дарактын мыйзамдуулугу текшерилет

Ысык-Көлдө ырчы Анжелика кыйдырган дарактын мыйзамдуулугу текшерилет

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы бактын кыйылышынын мыйзамдуулугун кароо боюнча комиссия түзүлдү. Мындай тапшырманы президенттин аталган облустагы өкүлү Мирбек Кожоев берди.

«Айлана-чөйрөнү коргоо милициясы жана башка тиешелүү кызматтар менен бирдикте комиссия түзүп, жерине баргыла. Эгерде бул иш боюнча бак кыюунун мыйзамсыздыгы аныкталса, анда (жазуу же оозеки уруксат берген делген) жооптуу адамдар ээлеген кызматынан бошотууга чейин мыйзам чегинде жазага тартылсын», — деди облус жетекчиси Мирбек Кожоев.

Текшерүүгө ырчы Анжелика Кайратованын социалдык тармактарга тараткан видеосу себеп болгон. Ал дагы бир нече эркектер менен бир жыл мурун унаасы менен сүзүп кеткен даракты кыйдырган. Ырчы бул даракты сүзгөндөр көп болгонун, ошондой эле өлүмгө дагы алып келген учурлар катталганын айткан.

Социалдык түйүндөрдө Анжеликанын бул кадамын сынга алышып, кыйылган дарактын ордуна жаш көчөттөрдү отургузууну талап кылышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>