Кыргызстандагы 5G инновациялар: татаал маселелерди оңой чечүүнүн технологиялары

Кыргызстандагы 5G инновациялар: татаал маселелерди оңой чечүүнүн технологиялары

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору 5G инфраструктурасын түзүүгө ишенимдүү кадам таштап келе жатат. 2022-жылдын август айынын башы менен «Альфа Телеком» ЖАКтын адистери бешинчи муундагы байланыш технологиясынын ийгиликтүү тест-драйвын жүргүзүштү. Кыргызстанда биринчи жолу маалыматтарды жүктөөнүн ылдамдыгы рекорддук 1,8 Гбит/с жетти. Эми кийинки кадам: компания жакынкы күндөрү MegaCom’дун 5G түйүнүнүн артыкчылыктарын Бишкектин борборунда ар бир каалоочу өзү сынап көрүүсүнө шарт түзмөкчү!

Операторлор масштабдуу даярдык иштерин жүргүзүп бүткөнчө, MegaCom’дун 5G стандартына өтүү кыргызстандыктардын көнүмүш турмуш-тиричилигин кантип өзгөртөрү жана атамекендик экономиканын тармактарын кантип модернизациялоо боюнча билимибизди толуктап туралы.

Акылдуу үй: Кыргыз Республикасында 5G түйүнү киргизилиши менен «акылдуу үй» системасын киргизүү процесси жөнөкөйлөшүп, жеткиликтүүлүгү артмакчы. Маалыматтарды 5G аркылуу жогорку ылдамдыкта чубалгысыз таратуунун арты менен түзмөктөрдү монтаждоонун татаал зарылчылыктары жоюлат. Технологиянын артыкчылыктары гаджеттер аркылуу тез жана тоскоолдуксуз, ободо өз ара баарлашууга шарт түзөт.

Элестетип көрүңүздөр: сыртта күн бүркөө, таңкы маал, иш күнүнүн башталарына бир сааттан ашыгыраак убакыт бар… Эми уйкудан ойгоноруңуз менен «акылдуу үй» сизди өз камкордугуна алат: терезе пардаларды ачат, бөлмө температурасын ыңгайлуу кылып тууралайт, кофе-машинаны жана радиону иштетет. Кеңсеге барууга убакыт келип калдыбы? Кожоюндар жок кезде «акылдуу үй» бөлмөнүн ичиндеги климатты тууралайт, ашыкча иштеп турган электроприборлорду өчүрөт, кулпуларды текшерет, коопсуздук системасын активдештирип, сиздин жумуштан кайтышыңызды күтүп турат. Ал эми үйгө чоочун бирөөлөр кирүүгө аракет жасашса, система бул тууралуу үй ээлерине жана күзөт кызматына кабарлайт. Фантастика деп жатасызбы? Жок, бул жакында биздин жашоону өзгөртүүчү реалдуулук. Тактап айтканда, жабдык, түзмөктөрдү жөнөкөй смартфондун жардамы менен башкарууга болот.

Энергетика жана коммуналдык чарба: энергетиканы модернизациялоо — жабдуулардын коопсуздугуна жана иштешине таасир эткен системаны өз учурунда тейлөө болуп саналат. 5G түйүнү аркылуу ылдам жана коопсуз маалымат алмашуу, кооптуу учурлардын жаралуу тобокелдигин төмөндөтүү, энергосистеманын коопсуздугун жогорулатуу жана өндүрүштүк процесстерине адамдын катышуусун азайтуу татаал механизмин датчиктердин жардамы менен көзөмөлдөөгө болот.

5G түйүнүн киргизүүдөн турак-жай коммуналдык чарба системасы дагы өз пайдасын алат. Технология энергоресурстарды рационалдуу пайдаланууну шарттайт, жоготууларды кыскартат, ошондой эле кыймылсыз мүлк ээлеринин «акылдуу эсептегичтер» аркылуу үй-бүлөлүк бюджетин үнөмдөөсүнө жардам берет. Гаджеттер маалыматтарды анализдөөнү «үйрөнүшүп», турак-жай коммуналдык чарба датчиктеринин көрсөткүчтөрүн кызмат көрсөткөн жактарга жиберишет.

Айыл чарбасыинтеллектуалдык фермерчиликке өтүүдө, топурактын нымдуулугун изилдөө процессин жакшыртуу, аба ырайынын шарттарын прогноздоо сыяктуу жана башка жолдор менен Кыргызстандагы жогорку тактыктагы жабдуулар айыл чарба өсүмдүктөрүнө мониторинг жүргүзүү системасын автоматташтырууга шарт түзмөкчү. Түшүм өстүрүүнүн шарттарын көзөмөлдөөчү жана чыгашаларды оптималдаштыруучу климатты көзөмөлдөнүн заманбап системасы жана сугаруу системасы «акылдуу күнөсканаларда» колдонулмакчы. Акылдуу ирригациялык системаларды орнотуу сугаруу иштеринде суунун коромжуга учуроосун төмөндөтүп, өз мезгилинде, көздөгөн жерди сугарууга жардамын тийгизет. 5G технологиясы мындан тышкары мал чарбачылыгына дагы өз пайдасын тийгизет, мисалы: малдын саламаттыгын көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтөт. Дрондордун жардамы менен фермерлер мал жайылган аймактардын абалын, канаттуулардын санын жана малдын жан башын көзөмөлдөп, экосистемага мониторинг жүргүзө да алышат. Түшүм жыйноо иштерин автономдук комбайнды ишке салуучу кнопканы басуу менен гана аткарууга мүмкүн болуп калат.

Гейминг жана VR: 5G булуттагы оюндар тармагында болуп көрбөгөндөй жаңычылдык киргизет – татаал 3D-графиканы иштеп чыгууну атайын сервер өзүнө алса, 5G түйүнү аркылуу тез арада алынган сүрөт эң жөнөкөй эле ноутбукка өткөрүлөт. Натыйжада, оюндарды көтөрө алчу кымбат баалуу компьютерлерди сатып алуу зарылчылыгы жоюлуп, оюндарды болсо үйдө отуруп гана эмес, сейил бактагы отургучта же 5G түйүнү тарткан каалаган жерде отуруп ойной берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Технологиялар боюнча мүмкүнчүлүктөрдүн артыкчылыктарын каалаган жерде, көчөдө, кафеде, коомдук транспортто деле колдонула берчү AR жана VR-шлемдердин күйөрмандары өзгөчө баалашы мүмкүн. Айта кетсек, чет өлкөлөрдө виртуалдуу реалдуулук түзмөктөрү оюн-зоок үчүн гана эмес, билим берүүдө, өнөр-жайда, медицина жана башка тармактарда да ийгиликтүү пайдаланылып келет.

P.S. Жакында келечектин технологиясы реалдуулук болуп калат жана MegaCom бул нерсени шарттоодо активдүү иш алып барат! 5G түйүнү боюнча эң маанилүү жаңылыктарды өткөрүп жибербөө үчүн компаниянын FacebookInstagramTwitter жана Telegram каналдарына катталып, ошондой эле актуалдуу маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайтынан алгачкылардан болуп окуңуздар!

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>