Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки аял каза болуп, 4 адам жабыркады

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки аял каза болуп, 4 адам жабыркады

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 2 адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп районундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 186-чакырымыда Lexus RX-350 менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам (1971-ж.т. М.Т., 1973-ж.т., С.Н., 1994-ж.т. М.А. 3 эркек киши, 2016-ж.т. Ж.Б. кичине бала) жабыркап, 2 аял киши (1973-ж.т. Р.А., 1991-ж.т. Ш.Р.) каза болгон.

Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон 1973-ж.т. Р.А. аттуу аял кишини унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>