Өзбек чек арачылары кармаган кыргыз жараны кайтарылды

Өзбек чек арачылары кармаган кыргыз жараны кайтарылды

Өзбекстандын чек арачылары кармаган Жалал-Абад облусунун тургуну кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-апрелде Ала-Бука чек ара бөлүмүнүн «Орто-Суу» тозотунун башчысына Көк-Таш айылынын Байболот Байнаев аттуу тургуну кайрылып, 26 жаштагы уулу Мунарбек Сары-Көл жергесиндеги жылкыларга кетип, кайра кайтып келбегенин билдирген.

Аталган жаран Кыргызстандын аймагында табылбагандыктан, кыргыз чек арачылары өзбекстандык кесиптештерине кайрылган.

Өзбекстандын чек арачылары Байболот уулу Мунарбек чек араны бузганы үчүн Өзбекстандын чек ара бекетинин жанынан кармалганын билдирген.

«Белгилүү болгондой, Байболот уулу Мунарбек жылкыларды издегени кетип, кокустан чек ара сызыгын кесип, Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен», — деп билдирет Чек ара кызматы.

12-апрелде эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугуп, Байболот уулу Мунарбек Кыргызстан тарапка өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>