Ысык-Көлдөгү жаш жигиттин өлүмү. Милиция эмне дейт?

Ысык-Көлдөгү жаш жигиттин өлүмү. Милиция эмне дейт?

Ысык-Көл облустук милициясы «Золотые пески»пансионатынын жээгинде ур-токмоктон каза болгону айтылган 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үн катты.

Маалыматка караганда, 6-августта болжол менен саат 05:10до Ысык-Көл райондук милицияга «103» кызматынан билдирүү түшүп, анда Бостери айылындагы «Алтын Кум» пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы А.Б. аттуу тургуну каза болгондугу кабарланган.

Аталган маалымат милицияда каттоого алынып, окуя жерине Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлгөн.

«Алгачкы сырткы кароо иштери жүргүзүлгөндө, жигиттин денесинде кандайдыр бир криминалдык тактар байкалган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Күбөлөрдү сурамжылоо учурунда, маркум 5-август күнү жубайы жана классташтары менен Ысык-Көл районунун Бостери айылына эс алганы келгени аныкталган.

«Классташтарынын биринин айтымында, саат 23:30дар чамасында маркум жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда А.Б. белгисиз жарандар менен менен чатакташа кеткен. Кийинчерээк болсо, бардан ылдыйыраак жактан аны эс-учун жоготкон абалда таап, элди жардамга чакырган», — деп билдирет милиция.

Жардамга келген эс алуучулардын бири өзүн медициналык адис катары тааныштырып, жабырлануучуга жардам көрсөтүүгө аракет кылган. Милициядан билдиришкендей, маркумга биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылган жарандын өздүгү аныкталган. Ал Ош облусунун 23 жаштагы У. К. аттуу тургуну болуп саналат.

«Анын айтымында, ошол күнү болжол менен саат 05:00да көл жээгинде сейилдеп жүрүп, жардам сураган кыйкырыктарды уккан. Ал жерге чуркап келип, эс-учун жоготкон жигитти көрүп, дароо биринчи жардам көрсөтө баштаган. Жардам берип жатып, ал жабырлануучу тилин жутуп алганын байкаган жана тилин чыгаруу үчүн жабырлануучунун жаагын ача баштаган. Бул учурда тез жардамдын кызматкерлери келип, жардам көрсөтүүнү улантышкан. Бирок жигитти эс-учуна алып келүү аракеттеринин баары натыйжа берген эмес», — деп билдирет милиция.

Белгилүү болгондой, 23 жаштагы жигиттин өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милиция экспертизанын жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чечим кабыл алынарын билдирди.

Ошондой эле милиция соцтармактарда 23 жаштагы жигиттин өлүмүнө байланыштуу делип массалык мушташтын видеосу тарап жатканын, аталган видео 5-августта эртең менен таратыла баштаганын, жаш жигиттин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

«Аталган видеодогу окуя 3-июль күнү Кара-Ой айылынын көл жээгинде жергиликтүү тургундар менен «Акун» пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон. Алардын айтымында, 3-июль күнү болжол менен саат 01:00до көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда оозеки уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен. Сурамжылоодо эки тарап тең арыз берүүдөн баш тартышкан», — деп билдирет милиция.

Окуянын катышуучулары менен инспекторлор тарабынан профилактикалык иштер өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, буга чейин каза болгон жаш жигиттин агасы иниси ур-токмоктон көз жумганын, милиция иниси талма оорусу кармап каза болгонун билдирип жатканын айтып чыгып, окуянын күбөлөрү болсо, маалымат берүүсүн өтүнгөн. Ошондой эле, маркумдун достору кайрылуу жасап, прокуратурадан ишти көзөмөлгө алуусун суранган.

Иним ур-токмоктон каза тапты, — Бостериде каза болгон жигиттин агасы (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>