Иним ур-токмоктон каза тапты, — Бостериде каза болгон жигиттин агасы (видео)

Иним ур-токмоктон каза тапты, — Бостериде каза болгон жигиттин агасы (видео)

Ысык-Көлдүн Бостери айылында 6-августка караган түнү жаш жигит ур-токмоктон каза болду. Бул тууралуу анын агасы билдирип чыкты.

Анын айтымында, иниси Ысык-Көлдөгү «Золотые пески» пансионатында көл жээгинде достору менен эс алып жүргөндө, алдынан 7-8 бала жолугуп калып, алар менен кайым айтыша кетишкен. Топ балдар анын инисин сабап салып, анын айынан ал көз жумган.

«Милицияга барсак, «иниңиздин талма оорусу кармап калып, тилин жутуп алган» дейт. Эгер талма оорусу болсо, биз мойнубузга алмакпыз. Өзү спортчу бала болчу, талма оорусу жок болчу. Кандай максатта антип айтып жатат, ишти эрте жаап коелу деп жатышабы, биз түшүнбөй жатабыз», — дейт ал.

Ошондой эле, иниси сабалганда жанында болгон достору сабаган балдарды көрсө, тааный турганын айтышкан. Буга байланыштуу ал мушташка күбө болгондорду же видео тартып калган жарандарды, окуя тууралуу маалымат берүүсүн суранат.

Жаш жигиттин өлүмү боюнча анын достору да үн катып, прокуратурадан, бийлик адамдарынан бул ишти көзөмөлгө алышын суранышууда.

«Бостериге эс алууга кеткен досторубуз балдардан ур-токмок жеп, бир досубуз каза тапты. Соттук-медициналык экспертиза ур-сокку жок деп чыгарып жатат. Чынында ал жерде ур-сокку болгон. Көргөн-билгендер бар. Биз калыстыкты суранабыз. Прокуратурага, жогорку кызмат адамдарына да кайрылуубуздун себеби да ушул», — дейт маркумдун досторунун бири.

Кийинчерээк милиция жаш жигиттин өлүмү боюнча үн катып, маалымат берди.

Ысык-Көлдөгү жаш жигиттин өлүмү. Милиция эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Ысык-Көл

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>