ЖК депутаты болууну каалаган эки талапкер БШКга арыз таштады

ЖК депутаты болууну каалаган эки талапкер БШКга арыз таштады

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерден арыз түшө баштады.

Маалыматка караганда, учурда БШКга эки талапкер — Эртай Искаков жана Аскар Алмаз уулу кайрылышкан.

Ленин району боюнча депутаттыкка талапкерлер:

  1. Эртай Искаков
  2. Аскар Алмаз уулу

Эскерте кетсек, Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом кетет.

Быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштерои козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Жокко чыгарылган шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 18,5 млн сом жумшалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>