Үч жашар баланын өлүмүнө айыпталган аялга сот өкүмү чыкты

Үч жашар баланын өлүмүнө айыпталган аялга сот өкүмү чыкты

Жогорку сот 3 жашар баланын өлүмүнө айыпталган 39 жаштагы Д.М. аттуу (аял киши, аты өзгөртүлдү) жаранга карата акыркы өкүмдү чыгарды. Бул тууралуу act.sot.kg сайтында айтылат.

Соттун токтомунда айтылгандай, Д.М. аттуу жаран мурда соттолгон. Окуя 2021-жылдын май айынын ортосунда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы айылдардын биринде болгон. Т.Б. аттуу 3 жашар бала столдо тамак ичип отуруп, заарасын кое берип койгондо, Д.М. ачуусун башкара албай, баланы сабап, башка урган. Натыйжада бала 15-майда Жети-Өгүз райондук ооруканада өзүнө келбей каза болгон. Ага байланыштуу Д.М. шектүү катары 16-майда камакка алынган.

Иш сотко өтүп, быйыл 29-апрелде Жети-Өгүз райондук соту Д.Мны баланын өлүмүнө (этиятсыздыктан киши өлтүрүү) күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда ага 4 жылга пробациялык көзөмөл белгиленип, сот залынан бошотулган.

Андан кийин бул иш апелляциялык инстанцияда, башкача айтканда Ысык-Көл облустук сотунда каралып, соттук коллегия 14-июлда Д.Мга чыгарылган райондук соттун чечимин өзгөрткөн. Райондук соттун Д.Мга белгиленген 4 жылдык пробациялык көзөмөл мөөнөтү жокко чыгарылып, 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмү күчүндө калтырылган. Ага байланыштуу Д.М. камакка алынып, жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылдын 16-майынан тарта эсептеле баштаган.

Айыпталуучу тарап облустук соттун чечимине макул болбогондуктан, арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Алар райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну өтүнгөн. Жогорку сот ишти карап чыгып, облустук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

«Соттук коллегия, апелляциялык инстанциядагы сот, соттолгон Д. Мнын аракетине баа берип, Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 3-бөүгүнүн 1-пункту (2017-жылдын 2-февралындагы мыйзамдын редакциясы) боюнча, анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оорлотуучу жагдайларын эске алуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындап, туура жыйынтыкка келген деп эсептейт. Мындай жагдайда, соттук коллегия калыстыкты жана адилеттүүлүктү сактоо менен апелляциялык инстанциядагы соттун чечимин негиздүүлүгүн карап чыгып, апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө, кассациялык даттанууну канааттандыруусуз калтырууну туура деп табат», — деп айтылат токтомдо.

Жогорку сот чыгарган токтом акыркы жана даттанууга жатпайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>