Таласта Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленип, эстелиги ачылды

Таласта Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы белгиленип, эстелиги ачылды

Бүгүн, 13-ноябрда Талас шаарында Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракеси белгиленип, акындын эстелигинин ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Талас облусунун башчысы Бакытбек Нарбеков, бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар катышты. Акындын 90 жылдыгына карата тургузулган эстелик Байдылда Сарногоев жана Акматбек Нуржанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Ал эми мааракеге арналган салтанаттуу иш-чара Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрда өттү. Анын башталышында Байдылда Сарногоевдин өмүр жолу жана чыгармачылыгына арналган даректүү видеотасма көрсөтүлдү. Ошондой эле, драма театрдын артисттери тарабынан даярдалган атайын сахналаштырган пролог тартууланды.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Бакытбек Нарбеков, Сарногоев кыргыз менен каны-жаны бир акын экенин белгиледи.

«Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн» деп акын өзү баса белгилеп айткандай, Байдылда Сарногоевдин ырлары эң ириде кыргыз элинин каада-салтын, көөнөрбөс баалуулуктарын жана кыргыздын рухун өзүнө сиңирген элибиздин жан дүйнөсүнө, кыргыз элинин мүнөзүнө шайкеш саптар менен берилген. Ал кыргыздын оозеки жана төкмөлүк өнөрүнө жакын болуп улуттук колоритти сактап, өзүнүн Жараткан берген шык жөндөмүнө салып шөкөттөп, сезими, жан дүйнөсү менен туюп анан кайра элге ыр кылып сунган кыргыз менен каны-жаны бир акын», — деди ал.

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында Байдылда Сарногоев атындагы акын-жазуучулардын республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү атайын төш белги жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Соңунда Байдылда Сарногоевдин сөзүнө жазылган обондуу ырлардан турган концерттик программа тартууланды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>